Башкы бет
Баарын уруусунун желеги
Баарын уруусу эки бир туугандан турат Байкаркы жана Байбарпы. Үйлөнүп-жайланып энчи
бөлүшкөндө Байкаркынын малына төгөрөк тамга басылып, Байбарпынын маалына ача тамга
басып берген экен. Баарын уруусунун туусунда ошол эки бир туугандын тамгалары
көрсөтүлгөн.
Ал эми туудагы уч түз берилгендин себеби: -
Көк боёк - ачык асман
Жашыл түз - аалам жашоосу
Күрөң - бул топурак мейкиндиги.
Баарын уруусунун гимни
Сөзү: Элүүбай Отунчиев
Обону: Шергазы Оролов
Баарындар байыркы эл багы жанган,
Бапестеп барган жерин байыр алган.
Алтай, Кангай, Ала-Тоонун ар ташына,
Алышып жоолор менен каны тамган.
Кайырмасы:
Баарын, баарын баарындар,
Баарын оттой жалындар.
Жүз душманга багынбас,
Жүрөгүндө жалы бар.
Карылары кайраттуу,
Жаштары бар айбаттуу.
Келин-кызы келишкен,
Акылдуу да, сымбаттуу.
Кыргыздын кыйла жерин мекендеген,
Талас, Чүй, Аксы, Алайга кулач керген.
Ноокат, Көл, Кетмен-Төбө, Чаткалда да,
Баарындар жашайт азыр дем күч менен.
Кайырмасы:
Баарын, баарын баарындар,
Баарын оттой жалындар.
Жүз душманга багынбас,
Жүрөгүндө жалы бар.
Карылары кайраттуу,
Жаштары бар айбаттуу.
Келин-кызы келишкен,
Акылдуу да, сымбаттуу.
Кытай, Тибет, Башкыр, Өзбек жеринде да,
Байыртан өмүр сүргөн баарындар бар.
Бардыгы бир баш кошсо болор эле,
Бир Аллам, өзүў колдоп боло көр жар!
Кайырмасы:
Баарын, баарын баарындар,
Баарын оттой жалындар.
Жүз душманга багынбас,
Жүрөгүндө жалы бар.
Карылары кайраттуу,
Жаштары бар айбаттуу.
Келин-кызы келишкен,
Акылдуу да, сымбаттуу.