Санжыра-Тарыхы

Кыргыздын кырк уруусу :

1.Басыз
2.Баргы
3.Жол жакшы
4.Бору
5.Бектен
6.Мунгуш
7.Солто
8.Койлон Жедигер
9.Сарыбагыш
10.Бугу

11.Саяк
12.Карачоро
13.Азык
14.Черик
15.Конурат
16.Чертике
17.Монгол
18.Кушчу
19.Баарын
20.Чон багыш

21.Саруу
22.Сарттар
23.Мундуз
24.Канды
25.Доолос
26.Тейит
27.Найман
28.Кыпчак
29.Бостон
30.Нойгут

31.Ават
32.Кесек
33.Дулат
34.Катаган
35.Жетиген
36.Кытай
37.Таранчы
38.Ногой
39.Калмак
40.Казак

Санжыра

« Баарын» уруусу – кыргыздын он канаттагы бир уруусу катары маалым. Этностук аталыштын башкырларда « барын - табын » , монголдордо - « байрин » , кочмон-озбектерде « бахрин» аталышта кездешет. «Баарын» деген соз –кыргыз тилинде « ителги менен ылаачындын аргындашуусунан келип чыккан алгыр куш» маанисин берет. Тарыхта «Баарын» уруусу Чынгыз хандын мезгилинен баштап уруу катары таанымал Улуу каган доорунда Чынгыз хандын аскерлеринин кол башчысы болгон бир нече «Баарын» уруусунан чыккан атуулдардын ысымдары аталып корсотулгон. Алар Мункал Туркан, Бартан, Корчу, Ная ноён, Угар Калча, Кудус Калча. Ал Ная ноёндун менен Корчунун карамагында 62 мин кишиден болгонун жазылган.1395-жылы Аксак Темир менен Токтомуш хандын салгылашуусунда баарындын баатыры Йаглибий Токтомуш хан тарапта болуп жекеме-жекеге чыкканы жазылган. Кылымдарды артынган «Баарын» уруусу озунун изин коп деген жерлерге калтырганы маалым Монголиядагы Барун-Урт (Баарын журт), Барунтурун, Барунхара. Чита облусундагы 2519 метр бийик чокунун аты Барун-Шабартуй, Туштук Забайкальеде Барун-Торей деген туздуу кол, Алтай олкосунун борбору Барнаул ж.б…. Белгилуу турк таануучу В.В.Радловдун билдируусу боюнча Бухарада хан которуудо торт уруунун мин, алат, баарын, баташтын окулдору ханды кийизге олтургузуп,торт бурчунан которушчу экен…. «Баарын» уруусунун басып откон жолдорун анын эр журок чыгаан уулдарынын эрдиктерин Кадыргали Жалайырдын 1601 жылы жазылган «Шежирелер жыйнагы» китебинде, Захирдин Бабурдун «Бабур Намэ»,Монголдордун купуя санжырасы,Шарафуддин Али Йаздий Зафарнама, Белек Солтоноевдин Кызыл Кыргыз тарыхы,Мухаммед Хайдар Дулати Тарих-и Рашиди,Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксикенти Мажму атут-таворих ж.б…. жазып тарыхта калтырганы маалым.