Баарындын чыгаан уул-кыздары

Баарын уруусунун президенти

Элүүбай ажы Отунчуу уулу - Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чыукент айылында 1939-жылы 15-ноябрда туулган. 2015-жыл Кыргыз Эл жазуучусу. Кыргыз жазуучулар шериктештигинин мүчөсү. 1963-жылы КМУну бүтүргөн. 1977-1979-жылдары Москвадагы А.М.Горький атындагы адабият институтунун Жогорку курсун аяктаган
'Бир тоголок дан', 'Баткан күн чыгат', 'Сергек өмүрлөр', 'Алтын Казык' , 'Айыл таңы', аңгемелер жана повесттер жыйнактары чыккан.
1981-жылы Москвадагы 'Советский писатель' басмасынан 'Золотой кол' деген повесттер жыйнагы орус тилинде чыгарылган. Америкалык улуу жазуучу Уильям Фолкнердин 'Аңгемелер' жыйнагын кыргыз тилине которгон.
2008-жылы 'Молдо Асан' тарыхый романы жарык көрдү
2015-жылы Жеңидок жөнүндө көлөмдүү училтигин чыгарган
2021-жылы 'Сыйнат' романы жарык көрдү.

Элүүбай ажы Отунчуу уулу

Акылбек Уметалиев

Баарын уруусунун илимий кеңешчиси

Уметалиев Акылбек Сапарбекович 1953-жылы 14-февраль айында Талас областынын Кара-Буура районундагы Чимкент айылында туулган. 1970- жылы Чолпонбай Тулебердиев атындагы орто мектепти эн жакшы баалар менен бутургон. Фрунзе политехникалык институтунун механика факультетин аяктап инженер-механик адистигине ээ болгон. Казакстандын тоо-кен иштетүү тармагында жөнөкөй инженерден баштап Жанатас кен башкармасынын жетекчи даражасына чейин көтөрүлгөн. Кыргыз Республикасында «Макмалалтын» комбинатынын директорунун орун басары жана директору, «Кыргызалтын» Мамконцернинин сатып алуу, жабдуу жана унаа бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган. Россия Федерациясынын өкмөтүнө караштуу Эл Чарба Академиясын аяктап, экономика илимдеринин кандидаты диссертациясын жактаган. Канада мамлекетинин Торонто шаарындагы Йорк Университетинде билим алган жана Канада, АКШдагы кен иштетүү ишканаларында практикалык тажрыйба топтогон. Президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана «Манас- 1000 жылдыгы» медалы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар тармагын уюштурууда Дүйнөлүк Банктын Эл Аралык өркүндөтүү Ассоциациясынын долбоорун жетектеп, Регионалдык Окуу Борборун негиздеген. Сатып алуулар тармагында Италиядагы Турин Эл Аралык Окуу Борборунун консультант-эксперт дипломунун ээси. 2011- жылдан баштап И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин «Логистика» кафедрасынын жетекчиси, профессору, 2013- жылы экономика илимдеринин доктору илимий наамына ээ болгон. Англис, немис, кытай тилдеринде эркин баарлашат. 2 монография, 2 лекция курстарын, 2 окуу куралдарын басмадан чыгарып, Россия, Казахстан, Чехия, Македония, Кипр, Турция жана Кыргыз Республикасында 38 илимий макалаларын жарыялаган.

Баарын фондусунун жетекчиси

Бабаназаров Алымбек Анарбекович 5 - майда 1963-жылы Токтогул районунда туулган.Ош Пединститутунун тарых болумун 1990- жылы бутургон. 2006-жылдан 2013-жылга чейин ОАО "Кыргызстан Коммерциялык банк" Токтогул филиалында кредит болумун жетектеген,2013- 18 ЖЖ филиалдын директору, 2018- Сокулук филиалын жетектеп келуудо.2016- жылдан бери баарын фондусунун башчысы.

Алымбек Бабаназаров

Ташкара Жаманкулов

Баарындын чыгаан инсаны

Жаманкулов Ташкара 1934-жылы Токтогул районунундагы Акчий Карасуу айылында колхозчунун үй-бүлөсундө туулган. 1952-1957 жылдары Кыргыз Мамлекеттик Университетинин География факультетин бүтүргөн. 1961-1963 жылдары эл агартуу тармагында Сталин орто мектебинде бөлүм башчы болуп иштейт. 1963-жылдан өмүрүнүн акырына чейин партиялык жана комсомолдук жетекчилик кызматтарда талыкпастан үзүрлүү эмгектенген. Ташкара Жаманкуловдун ысымы өзү туулуп өскөн №17 орто мектепке ыйгарылган.

Баарындын чыгаан инсаны

Өмүралиев Ибраимбай Курбанович 1956-жылы 1-майда Ош областында туулган.Баарын уруусунун санжырасын чогултууда чоң салым кошкон атуул.

Ибраимбай Өмүралиев

Рустамбек Умаралиев

Баарындын чыгаан инсаны

Умаралиев Рустамбек Аманбаевич 1961- жылы Ноокат районунун Баарын айылында туулган.1989-94 жж Ош Технологиялык Университетин бутургон. Баарын уруусунун Туштук аймагы боюнча жооптуу координатору.Санжыра чогултууда эн чон салым кошкон.

Баарындын чыгаан инсаны

Маткеримов Алымкул 1960 жылы 12-мартта Талас областындагы Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулган.1987-жылы Кыргыз Айыл чарба институтунун бутургон.Мыкты ишкер.Ырыскы,Даймонт Эвен Халл ресторандарынын ээси.Баарын уруусунун онугуусуно чон салым кошкон.

Алымкул Маткеримов

Шерикбай Султанов

Баарындын чыгаан инсаны

Султанов Шерикбай Ганыевич 1965 - жылы 25- майда Ош областнын Ноокат районунун Киркол айылында торолгон.1986 -жылы Горький атындагы Жогорку Аскердик окуу жайын аяктаган.2001-жылы РФтын транспорт жана тыл боюнча аскердик академиясын бутургон ошол эле жылы Кыргыз Улуттук университетин ийгиликтуу бутургон.

Баарындын чыгаан инсаны

Жапаков Анарбек 1943 ж Талас обл Кара Буура р-н Чолпонбай айылда туулган 1971 жыл Кыргыз ССРнин верховный депутату болгон Кыргыз республики персональный пенсионери

Анарбек Жапаков

Анарбек Кошонов

Баарындын чыгаан инсаны

Кошонов Анарбек Айтышевич 1954 - жылы туулган, 1971- жылдан 2009- жылга чейин СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралуу күчтөрүндө кызмат өтөкөн, 1995-жылы генерал-майор аскердик наамы ыйгарылган.

Баарындын чыгаан инсаны

Ормонбеков Руслан 20- мартта 1957 жылы Токтогул районунун Акчий Карасу айыдык Кенешинде торолгон.
1964 - 1974 жж Ак-Тектир орто мектебин бутургон.
1974 - 1980 жж Ташкент шаарындагы Орто Азиядагы педиатырдык медициналых
жогорку окуу жайын ийизиликтих бутургон. (САМПИИ)
1980 - 1985 жж Токтогул райондук Терек-Суу айыык ооруканада врач педиатр болуп иштеген.
1985 - 1987 жж. Токтогул райондук ооруканда башкы врачтын орун басары.
1987 - 1988 жж Бел-Алды айыдык амбулаториясында башкы дарыгер.
1988 - 1994 жж Терек-Сух айылдык ооруканада педиатр болим иштеген.
1994 - 1996 жж. Чолпон-Ата амбулаториясында башкы дарыгер.
1996 - 2003 жж Терек-Сух айыдык ооруканада башкы дарыгер.
2003 - омурунин акырына чейин Ак-Тектир айылдык N° 7 ГСВ да уй-булолик дарыгер
болуп эмгектенген. Терек-Сух айылдык кенешке 2 жолу депутат болуп шайланган.
Чолпон-Ата айыл Окмотинин ардакти атули наамге эз болгон.

Ормонбеков Руслан